www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 22-февралда, тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Таршахани менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-палестина өз ара аракеттенүүсүнүн негизги пункттарын белгилешти, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, атап айтканда, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, түрдүү деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана БУУ, ИКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарына өз ара колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Таршахани өз кезегинде резиденциясы Ташкентте жайгашкан Палестина мамлекетинин КРдагы дипломатиялык миссиясын жетектеп турганда кыргыз тарапка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда министрдин орун басары Артыкбаев элчи Таршаханиге Кыргызстан менен Палестинанын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости