www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Москва менен Киевдин ортосундагы жаңжалды биротоло жөнгө салуу үчүн Кырымдын Орусияга таандык экенин Украина таанып, өзү демилитаризацияланып (куралсызданып), НАТОго кирүү ниетинен баш тартышы керектигин билдирди.

Путиндин айтымында, "Донецк эл республикасы" (ДЭР) жана "Луганск эл республикасы" (ЛЭР) деп аталган жикчил аймактарды Орусия - Донецк жана Луганск облустарынын Украинанын курамында турган кезиндеги чек аралары менен тааныды. Бүгүнкү күндө ал облустардын көпчүлүк аймагын жикчилдер эмес, украин бийлиги көзөмөлдөп турат.

"Биз бул республикаларды тааныдык. Демек, алардын бардык фундаменталдык документтерин, анын ичинде конституцияларын да тааныдык. Конституцияда болсо Донецк жана Луганск облустарынын Украинанын курамында турган кезиндеги чек аралары көрсөтүлгөн. Бул боюнча бардык талаштуу маселелер Украинанын жана ал республикалардын бийликтеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чечилет деп эсептейбиз", – деди Путин.

Орус президентинин айтымында, Москва "ДЭР" жана "ЛЭР" жикчил аймактарын тааныгандыктан, мындан ары Минск келишимдерин жок деп эсептесе болот.

Эске салсак, 22-февралда Орусиянын Федерация кеңеши Донбасстагы окуяларга байланыштуу Владимир Путинге орус армиясын чет өлкөлөрдө колдонууга уруксат берген. 21-февралда Путин "ДЭР" жана "ЛЭР" деп аталган жикчил аймактарды Орусия тааныганын жарыялап, аталган аймактарга орус аскерлери киргизиле турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости