www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулады.

Тактап айтканда, Сириядан Кыргызстандын жарандарын – аялдарды жана балдарды репатриациялоону ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн, ошондой эле КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Коргоо министрлигинин муктаждыктарына көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн америкалык тарапка ыраазычылык билдирилди.

Мындан тышкары, тараптар эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды, ошондой эле “С5+1” регионалдык диалогдук платформасынын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү улантууну макулдашты.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости