www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдиктин башкы дипломаты Кыргызстанга келет

Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Жозеп Боррел 1-августтан 3-августка чейин Казакстан менен Кыргызстанда болот. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапар Борбордук Азия өлкөлөрү менен мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө умтулуусун ырастоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болот.

Евробиримдиктин Жогорку өкүлүнүн сапары Казакстандан башталат. Ал жерде Жозеп Боррел 1-августта Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Андан соң биргелешкен маалымат жыйыны болот. Ошол эле күнү Боррелл президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушат.

Ишембиде Евробиримдиктин жогорку өкүлү Кыргызстанга келип, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев менен да өзүнчө сүйлөшүү пландалууда.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости