www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Бейшеналиев креслосунан көчүк көтөргөнчө билим берүү мекемелерин дааватчылардан баштап ар кай уюмдун өкүлдөрү басып кирип, өз билгенин кылууда. Мындай пикирин журналист Айбек Нур өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ишин эптей албай, кайдыгер гана мамиле кылып, эптеп-септеп илең-салаң иштеп жатат. А бул министр Бейшеналиев креслосунан көчүк көтөргөнчө билим берүү мекемелерин дааватчылардан баштап ар кайсы уюмдун өкүлдөрү басып кирип, өз билгенин кылышууда.

Кызыгы, билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен орун басарлары алар менен бокал кагыштырып, шампан аттырып, ийинге ийин сүйөп ынтымактуу оокат кылып жатышканда. «Кой» деген кожосу жок көпкөн жетекчилер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, окуучулардын башын айлантып, өз кызыкчылыктары үчүн гана иштешүүдө.

Бишкек шаарындагы Орок орто мектебинин директору жыйырма жылдан ашык кызматтык креслосун эч кимге бербей ээлеп, мектептин канайымы болуп алыптыр. А береги №84 мектептин директору, мурунку депутат Каныбек Иманалиевдин бир тууганы канайымдыктан да өйдө өтүп, бир чоң каганаттыктын тагына олтуруп алгандай. А көрсө, пенсия курагынан өтүшсө да мектеп мүдүрлүгүн ээлеп келе жаткан бул директорлордун таанышы да, акчасы да күчтүү турбайбы.

Билим министри кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мектепти мечитке айланткан төрт мектептин жетекчилери менен орун басарларына эскертүү берип гана тим болду. Стакан кагыштырган таанышың менен капчыкка батпай турган акчаң болсо, миң бир кылмыш кылсаң да суудан кургак чыгып кете алат турбайсыңбы.

Баткенде жайгашкан «Сумая — Айдаркен» бала бакчасындагы болгон окуяга министр үн катып койгон жок. Акыл-эске кире элек бөбөктөргө курандын сүрөөлөрүн жаттаттырып, жасалма кара ташты көк мээ койчо айландырып жатышкан бала бакча жетекчилери менен тарбиячылары деле акылдан тайган немелер экен. А болбосо, ким бирөөнүн акчасына азгырылып, ушундай кылмышка барып жатышкандыр?!! Аны кой, эч бир документти жок мыйзамсыз иштеп жатышканына эмне дейбиз?..

Министр катары ушул окуядан кийин «Халал бала бакча» дегенден тарта башкасына чейин, бул турсун баардык мамлекеттик жана жеке билим берүү мекемелерин (анын ичинде кыска убакытта окутулуп жаткан ар кыл окуу курстарды) түрө текшерип, тизгиндеген да жок. Дүйнөнү суу картаса өрдөккө баары бир турбайбы...

«- Май талкандуу кызматым, өкмөттөн алган айлыгым бар», — деп жарытылуу иш бүтүрбөстөн шалпайып жүрө бербей, билим сапатын оңдоп, келечекке бир салым кошпойсузбу?

Иштей албасаңыз, кызмат ордуңузду мага бар болгону алты айга берип туруңуз, билим тармагын тизгиндеп, сапатын жогорулатып, заман талабына ылайык болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөрдү киргизип, келечектин камын көрүп, байсалдуу жолго салып берейин. Бул үчүн мага кызматтык унаа дагы, жан сакчы менен айлык акынын дагы кереги жок!

Иштин көзүн билип, майын чыгара иштей албайсызбы, өз каалооңуз менен кызматтан кетиңиз! Сураныч, келечекти бутсуз калтырып, майып кылбаңыз!», - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости