www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 14-июлдагы отурумунда депутат Чолпон Султанбекова камактагы жаш балалуу жана «кош бойлуу аялдар кандай шартта кармалат?», - деген суроо менен кайрылды.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков бул тууралуу мыйзамда жазылышы керектигин айтты.

«Ошондо гана талап кое алабыз», - деди директор. Депутат андан кийин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылды.

«Көптөгөн аялдар жеңил берене менен камакта отурат. 20 аялдын ичинен 15 аял балалуу. Сот системасында реформа жүргүзүп, мындай аялдарды эркиндикке чыгарууну же мунапыс колдонуу менен алардын беренсин жеңилдетүүнү сунуштайм», - деди Ч.Султанбекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости