www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-июнда, Ак үйдүн алдында ЖК депутаты Шайлообек Атазовго каршы "атайын" уюштурулган 15 мүнөттүк нааразычылык акциясы болуп өттү. Акциянын катышуучулары «Атазов, мандатыңды тапшыр!» деген жана башка ураандарды көтөрүп чыгышкан.

Акцияга катышкандардын алдына депутаттар Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов, Марлен Маматалиев чыкканы менен, митингчилер алардын сөзүнө кулак салган жок. 

-- «Бизге Россиядан кайрылуулар келип жатат, алар «бул жакта кыздар кордолуп жатат, жумушу жок калууда, өлүгү кетүүдө» деп айтып жатышат. Мен эртеңки күндө эне болчу жаш 18 жаштагы кызды коргоюн деп келдим. Башка жакка барып, кор болбосун деп жатам», — деди депутат Шайлообек Атазов.

Митингдин катышуучулары Атазовдун сөзүн уккан жок. Анын тарапташтары мындай көрүнүшкө бийлик мыйзам чегинде чара көрүүсүн талап кылды.

Эске сала кетсек, Шайлообек Атазов 9-июнда өткөн маалымат жыйынында жаш кыздардын чет өлкөгө мигрант болуп кетишине чек коюуну сунуштаган.

Последние новости