www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин жыйынында депутат Чыңгыз Ажыбаев эмне үчүн Лейлектин ИВСында айыбы жок адамдар кармалып жатканы тууралуу министрлер кабинатинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго тикеме-тике суроо берди эле, ал «оозуна ун сугунуп алгансып» унчукпай отуруп берди. Андан мурун пенсионерлердин пенсияга чыга турган жашын көтөрөбүз деп, бакылдапп жаткан. Пенсионерлердин проблемасы Мухаммедкалый Абылгазиев Соцфонддун төрагасы болуп турганда башталган. Ошол убакта ардактуу пенсияга чыга турган адамдардын келечегине балта чапкан, персоналдык пенсияны жоюу боюнча, сунуш киргизип Өкмөт бекитип берген. Өмүр бою иштеген ишин так аткарып мактоо баракчасынан баштап мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон инсандарыбыздын 40 жылдап иштеген мээнетин жокко чыккан, кем акыл «чиништердин» айынан. Туура эмес болуп калыптыр моюнга алам, президент менен макулдашып башка жагынан компенсация кылабыз деген сөзүн Абулгазиев премьер-министр болгондо да эстеп койгон жок. Ал эми чимкирик, какырык депутаттар  депутаттар ойлоп да койбоду. Капчыгында батыштан саап алган пулу толо болсо, Минкабдын орун басары Эдил Байсаловдун карапайым элди ойломок кайда. Ал «чиниш» болуп турса да Батыштык ой жүгүртүүсү менен сасык саясаттын жолунан кайтпаптыр. Эки отургучта талтайып отурсаң, чатың айрылат дегендей, Ал Батышчыл НПОнун да, мамлекеттик кызматты да белсене аткарып жаткан убагы.  

Эдил Байсалов оозуна келгенди оттойт ал кызматтан кетиши керек деп эл талап кылганды колдош керек. Байсаловго окшоп ой жүгүрткөндөр бүгүнкү күн менен гана жашап бюджетти кантип толтурсак деген ою менен карапайым пенсионерлерди капа кылышууда. Өздөрү карыбас боло тургансып. Эми өлгөнгө көмгөн кылып дегендей Эдил Байсалов чет өлкөнүн мамлекеттерине теңеп, пенсиялык жашты көбөйтүүнү айтууда. Андан да дыйкандар соцфондго аз төлөп, мугалимдер менен тең пенсия албашы керек.

Иштебегендерге мамлекет эч карыз эмес деген сөздөрү, эл душманы айткандай болду. Биринчиден, чет мамлекетте керек болсо коңшу Казакстанда пенсия көлөмү алда канча жогору экенин жана чет өлкөдө жашоо минимумуна төп келген жумушсуздук пособия төлөнөрүн Эдикең билбейби? Билет, ал эми ошол өзү сындаган дыйкандардын ысык, суукка баткан күжүрмөн мээнетинин негизинде азык-түлүк коопсуздугу сакталып турганын жана өзүнүн, үй-бүлөсүнүн курсагы да ошол дыйкандардын артынан тоюп жүргөнүн эстен чыгарса керек. Мамлекеттин жардам бергени 3-5% гана дыйкандарга жетет. Муну да билбейби?

Эдил Байсалов 2010-жыл бийликти алмаштыргандан чоң идеологу. Ал айткан бийлик алмашса кыргыз эли «Кой үстүндө торгой жумурткалаган» заманга барат деп. Башкасын айтпайлы салынып бараткан Камбар –Ата өчү бардай токтоп, эми он эки жыл өткөн соң кыймылга келе баштады. Отунбаева алдында эркелеп турган Эдил Байсалов Атамбаев башында турган өкмөттүн аппаратын жетектеп калат. Отунбаева бийликке келген соң элди ойломуш болот, ал эми Эдил Байсалов капчыгын ойлойт. Ушул жерден экөөнүн пикири келишпей калат. Эдил Байсалов орусча айтканда «пустой» кыйкырык экенине көзү жеткен Отунбаева андан кутулууга шашат. Ошондон улам Эдил Байсаловду кызматынан бошотуп, анын «рангасын» Эмил Каптагаевке өткөрүп берет. Эми эрке Эдил Байсалов тайралаңдап бийликтин кадыр-баркын түшүрүп жатат. Байсаловко парламент байсалдуу сапар каалабай калды

«Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат» дейт. Бул жаңы парламент «Төө көтөргүс жүк» көтөрүп жаткансып, тайралаңдаган эрке вице-премьер Эдил Байсаловду такалап койгусу келишет. Аксы округунан Нурлан Шакиев «чу» дегенде эле Эдил Байсаловду алка-жакадан алып, сын-пикирин айтты. Эрке Эдил Байсалов парламентти үйрөткүсү келип жатканын баса белгилеп, «балакай баатырдын» этикасы тууралуу маселе көтөрдү. Байсаловду чалчактатпай тезинен ооздуктап, башкаларга үлгү болуш үчүн тартипке чакырып коюуга чакырды. !Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутат Исхак Масалиев да Эдимл Байсаловго «бурама токочторду» жаадырды. Атажуртчу депутат Айбек Маткеримов да ага сын пикирин жаадырды. Президент менен минкабдын парламенттеги өкүлү Алмас Абытов туура түшүнүп президентке бул сөздү жеткирем деп убадасын берип жиберди.

БШК депутаты Темирлан Султанбеков: «Байсалов психиатрга көрүнсүн» -деп бекер жеринен айткан эмес чыгар. Жаңы парламент «аа» легенде эле Эдил Байсаловдун орой мамилесине жооп бере башташты. Оппозицияда жүргөндө бийликти жекирип, сындап, НПОлордун башында жүргөн  Эдил Байсалов колунан эч нерсе келбесин айгинелеп жатат. Ага караганда 2015-жылы “Бир бол” фракциясын түзүп, бүгүн анын ашмалтайын чыгарып “Альянска” өткөн Алтынбек Сулайманов: " Аймактарды өнүктүрүү деген жыл жарыяланып, сөз боюнча калып кетти. Менин оюмча айыл өкмөттүн башчыларына мүмкүнчүлүк бериш керек. Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү деген кызматты жоюш керек. Анын эмне кереги бар? Акимдерди бүгүн болбосо келечекте жоюу зарыл. 453 айыл өкмөт башчыларын кыскартып, алар менен премьер-министр түз иш алып бериши шарт. Ортомчулардын эмне кереги бар? Алар лента кесип, чоң кызматтагыларды тосуп алгандан башка иши жок. Айыл өкмөт башчылардын өзүнө бүт маселени берүү зарыл", - деп бапылдап калат.

Кыргызстанда 44 район болсо, көпчүлүк  райондун акимдери жаңы дайындалды. Мисалы Орусияда кадрдык резервдер 100 миңдеген адамдын арасында ачык конкурстук негизде тандалып алынат. Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси район акимдерин ротациялоодо бир нече критерийи эске алынганы билдирди. Ага ылайык, аттестациядан өткөн, өз ордуна ылайык келген кадрлар тандалып, «түндүк аймактан түштүккө», «түштүк аймактан түндүккө» деген жобо менен которулду. Акимдерди ротациялоо «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндөгү» жарлыкка ылайык жүргүзүлдү. Анда мындай чечим коррупцияны жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылуу максатында кабыл алынганы айтылат.

Вице-премьер-министр Эдил Байсалов республика ишкерлерин коркутуп-үркүтүүгө өтүп алды. Анын минтип демитип, күпүлдөп жатышынын себеби бирөө эле. Ал Акылбек Жапаровдордун бюджеттин кирешесин 400 млрд. сом, сомго жеткирем деп жагалданып жатканында. Бул көрсөткүчтөргө ал экономиканы, бизнести өстүрүү менен эмес, кысымга алуу, “сыгып тамчылатуу” менен жетишебиз деп күпүлдөп-дүпүлдөп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости