www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Учурда көлдүктөрдүн мээнети акталбай, жылдык киреше болуп берчү өрүктөрү арзыбаган акчага сатылып, төгүлүп жатканы айтылууда. Алдын ала чаралар көрүлсө болот беле?
- Азыр Ысык-Көлдө өрүк сезону кызуусуна чыккан маал, бирок көйгөйлөр өтө көп. Эң негизги маселе: алуучулардын өрүктү өтө арзан баалап жатканында. Бир жыл мурда башталгыч баа килосуна 70 сомдон болуп, акырында 35 сомго чейин түшкөн. Быйыл башталганда эле 35 сомдон болсо, учурда 15 сомго түшүп калды.
Жылдык инфляцияны эсепке алганда былтыркыга салыштырмалуу өрүк өндүрүүчүлөрү быйыл өрүгүн 75%га арзан сатууга мажбур болуп турушат. Быйыл түшүм былтыркыга караганда 45% көп болгон күндө дагы багбандар катуу утулушта.
Түшүмдүн 35%ы топтолбой жерде калышы да толук мүмкүн. Айылдыктар күнөөнү алуучулардан издешсе, алар болсо быйыл Россияда өрүк арзан сатылып атканын, жолдогу чек аралардан өтүү маселесинде чыгымдардын көбөйгөнүн, кошуна Казакстанда да өрүк көп өндүрүлө баштаганын айтып актанышууда.
Бирок эң негизги маселе: бул иште ортомчулардын көптүгүнөн жана алардын өз кирешелерин багбандардын сыртына илип жатышканы өңдөнөт. Жыл өткөн сайын ортомчулар мите курттардай болуп көбөйүп жаткандыктан, алардын санын азайтып, кирешелерине чектөө киргизмейинче, багбандын сыртынан кан ичилип, териси жукара берет.
Булак: Азия News гезити