www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский дан экспортоону качан баштаарын айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина эгин экспорттоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Одессада, G7 өлкөлөрүнүн жана Түркиянын элчилери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул өлкө өнөктөштөрдөн жүктү кабыл алууга даяр деген сигналдар түшкөн учурда «бүгүн же эртең башталат».

«Түрк тарап жана БУУ товарларды кабыл алууга даярбыз деген белги бериши менен баары башталат. Менимче, баары бүгүн же эртең башталат», — деди Зеленский.

Британиянын Украинадагы элчиси Мелинда Симмонс Твиттердеги баракчасына G7 жана түрк элчилери дан келишимин колдоо үчүн Одессага келишкенин билдирди.

Эске салсак, 22-июлда Стамбулда Орусия, Украина, Түркия жана БУУ Украинанын жабылган портторунан эгин жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту. Документтерге ылайык, эгин Стамбулга Украинанын үч портунан – Одесса, Черноморск жана Южныйдан жеткирилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости