www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузияда чек ара полициясынын тик учагы куткаруу операциясы учурунда аскага урунуп кулады. Бул тууралуу Sputnik Грузия жазды.
Маалыматта тик учактын Гудаури капчыгайына кулап түшкөн парапланчыларды издөө үчүн учуп баратканы айтылган. Кадрдан транспорттун алгач аскага урунуп, андан кийин ылдый кулап, бир нече ирмемдерден соң жерден уюлгуган түтүн менен жалындын чыкканын көрүүгө болот.
"Мтавари архи" телеканалынын маалыматы боюнча, бортто беш адам болгон. Экипаж мүчөлөрүнөн сырткары Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын куткаруучулары менен медиктери бараткан. Кырсыктын чоо-жайы такталууда.
Булак: NazarNews.kg