www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун “ысырапкорчулукту токтотолу” деген жарлыгы бар. Себеби оюн уюштуруп, Ала-Тоодой эт кылып, Ала-Көлдөй чык кылып, юбилей өткөрмөйдү убагында Аскар Акаев баштаган. Ал шаңкылдап күлсө, оозу жыйылбаган, шаңшып сүйлөсө жер чечегин безеп, жаактууга жай бербеген шоумен эмес беле? Ошол Аскар Акаевден бери кыргызда эмне көп? Той арбын.

Өткөн жумада улуу жазуучу, Кыргыз Эл Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык, Кыргыз эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдык мааракелери Каркырада өттү. “Тойдо кыз жоголот” демекчи, эл быкылдайт, элден да жолдун чаңын сапырып, жер челген букадай жөөлөшкөн жолтандабастар батпай калды.

Анткени “кыз куумай, төө чечмей, балбан күрөш, жамбы атыш, оодарыш, найза сайыш, ат чабыш, аламан сыяктуу оюндун түрлөрүнүн баары уюштурулат экен” деген каңырыш эл арасына желдей тарап кеткен. “Жалпы байгесине 1 миллиард сомго жакын акча сайылат, тойдун демөөрчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев” деп баягы “кара үкөк” КТРК какшап жарыя кылды. Эми той да бүттү, тойдун эртеси да болду.

“Оштун жашыруун королу” деген ылакап аты бар Жалил Атамбаев эки жыл мурда шалдыраган Сокенин тушунда баласына той берип, канча жеңил машине сайып, миңдеген конокторго белекке берилген плазма телевизорлору, кир жуугуч, чаң соргуч, смартфондорго сан жетпей, байлыгын даңазалап, бир “дүң” болгону эске түштү.

Эл билбеген Жалил Атамбаев өзүнүн баласына ошентип дүңгүрөтүп той берип, атын чыгарып, элге белгилүү болгон. Ал эми кыргызды дүйнөгө тааныткан эки залкар ошондой дүңгүрөтүп той берип, атын чыгарганга муктаж эмес да. Алар байлыкты басып коюп, калкка тааныла албай жүргөн Жалил Атамбаев беле? Анын сыңарындай, депутат Акылбек Түмөнбаев эки залкардын атын жамынып, бул тойду өткөрдү.

Президенттин сөзүнөн башка эки залкардын эмгеги, кыргызга кылган кызматы тууралуу эки ооз сөз болгон жок. Биринчи планга байгелер чыкты: “ким эмне утту? Байгеси канча экен?” ушул сыяктуу сөздөр. Ал эми чаңдын арасында ботала болуп, күнгө какталып, Кыргыз эл акыны Кыялбек Урмамбетов китебин сатып отурду, ага көңүл бурган да киши жок.

Тойдо мааракелери болуп жаткан эки залкарга болгон мамиле ушул Кыялбек Урмамбетовго жасаган жүрнары кол шилтегендей эле болду. Бул ойлонто турган маселе... Кыргызстан мындан ары шоумен Аскар Акаев баштап берген юбилей өткөрүү "салтын" өзгөртүп, цивилизациялуу жолго түшпөсөк болбойт. Элдик оюндар, байгелер боло берсин, алардын жөнү башка...

Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз элинин бүтүндөй бир доорун роман, повесть, аңгемелеринде чагылдырган. Ал жараткан образдарды жаш муундарга жеткирүү, Каркырада эле эмес жети дубанда мектептерде Т.Сыдыкбековго арналган сааттар, райондордо адабий-музыкалык кечелер, облус борборлорунда, университеттерде илимийпрактикалык конференциялар өткөрүлүшү керек болчу. Т.Сыдыкбековдун чыгармалары ар бир окурмандын жүрөгүнө жетиш керек да. Кыргыз эл артисти Советбек Жумадылов кинодо “кыргыз кереметин” жараткан муундун өкүлү.

Ал экранда, театрда жараткан образдары менен кыргыз искусствосун, маданиятын дүйнө жүзүнө тааныткан. Ал түзгөн кайталангыс образдар дүйнөнү таңгалдырган. Актердун мааракеси сокур намыстын деңгээлиндеги майрам эмес, дүйнөлүк масштабдагы алкоо болуп, кинофестивалдар уюштурулуп, чет өлкөлөрдөн искусство чеберлери, режиссерлор, актёрлер келип, улуу талантка баа берсе, майрам салтанатын BBC, CNN жок дегенде Eвроньюс, ТАСС сыяктуу эл аралык кабар агенттиктери бүт дүйнөгө жайылтып, Кыргызстандын бийик маданиятын дагы бир жолу дүйнөгө таанытмак.

Анткени жалаң оюн-зоок менен жергиликтүү масштабда чектелип, Аскар Акаев баштаган куру намыстын деңгээлиндеги шоулар ошого жеткирди. Элдин руханий кайра жаралуусу улуу мурастарды элдин калың катмарына сиңирүүдөн башталат.

Мааракелер Түгөлбай Сыдыкбеков, Советбек Жумадылов сыяктуу залкарлардын адабий, көркөм мурастарын кеңири жайылтуу, элге жеткирүүгө багытталышы абзел, анткени, бул жөн эле той эмес, маданий мурастар өнүгүүнүн башаты болуп кала турган тарыхый окуя.

Булак: Азия News гезити

Последние новости