www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузияда чек ара полициясынын тик учагы куткаруу операциясы учурунда аскага урунуп кулады.
Гудаури тоолорунда кыйраган Ми-8 тик учагында болгон сегиз адамдын баары каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Басылма борттогу адамдардын аты-жөнүн жарыялабай турганын, анткени алар каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү менен байланышып жатканын Ички иштер министрлиги кабарлады.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, тик учак жарылганга чейин борттогу адамдар секирүүгө үлгүргөн эмес. Тик учак рулду башкара албай, капчыгайга кулап, ташка урунгандан кийин толугу менен күйүп кеткен.
Белгилей кетсек, буга чейин, тик учактын Гудаури капчыгайына кулап түшкөн парапланчыларды издөө үчүн учуп баратканы айтылган.
Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда.
Булак: NazarNews.kg