www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мугалимдердин авторитетинин, сый урматынын жоголушу да, мектеп окуучуларынын тарбиясынын жоктугу да чоң трагедия», - деди бүгүн, 27-майда NazarNews маалымат агенттигине эксперт Айбек Теңизбаев.
- Сузактагы мугалим менен окуучунун чырын кандай кабыл алдыңыз?
- Бул окуяны кейиштүү кабыл алдым. Кандайдыр бир деңгээлде бул окуя биздин жалпы маданий, руханий абалыбызды сүрөттөшү дагы мумкун. Мектеп окуучусунун уур токмоко алынышы, ошол эле учурда мектеп окуучусунун мугалимге болгон сый урматсыз мамилеси өтө кейиштүү. Бул окуяда күнөөлүүнү издөө, коомдук айып тагуу жаңылыш жакка алып барып коюшу ыктамал. Эки тараптын тең жоопкерчилиги каралышы кажет.
Анткени, мугалимдердин авторитетинин, сый урматынын жоголушу да, мектеп окуучуларынын адеп ахлагынын тарбиясынын жоктугу чоң трагедия. Баарыбызга диагноз белгилүү, эми аны дарылоо кажет. Тийиштүү органдар буга көңүл буруп, окуяны ырбатпастан, түп тамырынан чечүүгө аракет кылышат деген ишеничтемин.
- Сиздин учурда дагы эже-агайлардан таяк жегендер болчу беле?
- Менин окуучу кезимде, менин мектебимде мындай окуя катталган эмес. Окуучу кезибизде мугалим менен кайым айтышуу деген миң уктасак дагы түшүбүзгө кирген эмес. Биз үчүн мугалим ар дайым сыйга татыктуу, агартуучу адам катары кабыл алынып келген.
Биздин коомдо мугалимдин орду бийик болушу керек. Мугалимди, ар бир окуучуну сыйлашы кажет. Ошол эле учурда мугалим дагы үлгүлүү болуп, окуучулар менен өзгөчө бир байланыш курушу керек. Окуучу менен мугалимдин ортосундагы мамиле өзгөчө болмоюнча, коомдогу жакшы тарапка болгон өзгөрүү эч качан болбойт.
Булак: NazarNews.kg