www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда россиялык телеканалдар өчүрүлгөн жок. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Буга чейин РИА Новости агенттиги Кыргызстанда россиялык "Россия Культура", "Россия 24" жана "Звезда" телеканалдарынын эфири убактылуу токтотулганын жазган. Шилтемени жеке менчик "Акнет" кабелдик телеберүү провайдерине берген.

"Акнет" компаниясы расмий сайтына бир катар өлкөлөрдөгү мыйзамдык чектөөлөргө байланыштуу кечээ эл аралык спутниктен ВГТРКнын телеканалдарын көрсөтүү бир тараптуу блоктолгонун билдирүүдө.

Эфирден өчүрүү кыргыз операторлору тараптан болгон жок. Провайдерлер сигнал ала турган эл аралык спутникте көйгөй жаралууда.

"Сигналды туруктуу алуу үчүн резервдик эфир боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Бул иштер соңуна чыгары менен телеканалдарды биздин линиядан көрүүгө жеткиликтүү болот", — деп айтылат провайдердин билдирүүсүндө.

Ал арада Борбор Азиянын башка мамлекеттеринде да жогорудагыдай көйгөй жаралганы кабарланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости