www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Приморский крайынын депутаттары президенти Владимир Путинди Украинадагы аскердик аракеттерди токтотуп, өлкөдөн аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырышты.
Мындай билдирүүнү Комунисттик партиянын депутаттарынан атынан 27-майда аймактын Мыйзам чыгаруу жыйынынын өкүлү Леонид Васюкевич окуп берди.
Билдирүүдө орус аскерлери Украинада чоң жоготууларга учурап жатканына байланыштуу аскердик жол менен кандайдыр бир ийгиликке жетүү мүмкүн эмес экени белгиленет.
"Биздин өлкө аскердик операцияны токтотпосо, өлкөдө жетимдердин саны көбөйөрүн түшүнүп жатабыз. Аскердик операциянын маалында жаштар өлүп, майып болуп жатышат. Алар өлкө үчүн абдан пайдалуу болушмак"-деп жазылган билдирүүгө Васюковичтен башка анын партиялаштары Геннадий Шульга, Наталья Кочуга жана Александр Сустов кол коюшкан.
Жыйынга катышкан облус губернатору Олег Кожемяко депутаттардын билдирүүсүн сынга алды.
"Силердин акцияңар орус армиясынын жана нацизмге каршы күрөшүп жаткан биздин коргоочулардын беделине шек келтирет. Силер саткынсыңар!"-деди Кожемяко.
Коммунист депутаттардын лидери Анатолий Долгачев кесиптештеринин бул "кылыгынын кесепети оор болорун" билдирди. Айрым депутаттар кийинчерээк билдирүүгө кол койгонун четке кагып чыгышты.
Орусия Украинага 24-февралда эч себепсиз кол салган. Украин бийлиги Орусия согушта жыйырма миңден ашуун аскеринен айрылганын билдирип келет. Ал эми Москва чоң жоготууларга учураганын мойнуна алганы менен акыркы жолу 25-мартта гана 1351 жоокерин жоготконун билдирген.
Булак: NazarNews.kg