www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүндө улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүүнү толугу менен колдойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында билдирди.

"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн финансылык туруктуулугун камсыздоодо белгилүү алгоритм жана улуттук валюта менен эсептешүү формасына өтүү аябай маанилүү аспект болот. Бул өзгөчө геосаясий кырдаал оорлошкон азыркы маалда өтө маанилүү. Буга байланыштуу Кыргызстан товарга өз ара эсептешүү үчүн улуттук валютаны колдонууну толугу менен колдойт", — деди Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчы чет өлкөнүн валютасы олку-солку болуп жатканына байланыштуу улуттук валютага өтүү импорттук инфляциянын улуттук валютага болгон басымын азайтуучу факторлордун бири болорун белгиледи.

Эскерте кетсек, ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия мүчө. Жыйынга Өзбекстан мамлекети байкоочу макамында катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости