www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-майдан тарта Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаар тургундары менен ачык жолугушууларды өткөрөт. Иш-чаралр Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында уюштурулууда.
Жолугушууларда шаардык инфраструктура, муниципалдык кызматтар жана тургундардын сунуш-кайрылуулары талкууланат.
Свердлов району
11-май, 16:00 — Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ), Киев көч., 44
12-май, 16:00 — Ч. Айтматов атындагы лицей, Широкая көч., 1а
Биринчи май району
13-май, 16:00 — КЭУ (М. Рыскулбеков атындагы), Тоголок Молдо көч., 58
14-май, 16:00 — «Сейтек» балдар борбору, Т. Абдумомунов көч., 197
Ленин району
15-май, 16:00 — Бишкек гуманитардык университети, Ч. Айтматов пр., 24
16-май, 16:00 — Кыргыз улуттук университети, Фрунзе көч., 547
Октябрь району
18-май, 16:00 — «Таберик» залы, Байтик Баатыр көч., 17
19-май, 16:00 — «Ала-Тоо» эл аралык университети, Анкара көч., 1/8
Мэрия бул жолугушуулар шаар тургундары менен түз байланыш түзүүгө жана актуалдуу маселелерди биргелешип чечүүгө багытталганын белгилейт.