www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кемпир-Абаддан баш тартабыз» дегендер пайда болду. Бул тууралуу саясат таануучу Айданбек Акматов билдирди. Анын айтымында, экс-президент Атамбаев бир кезде суу сактагычты берүүдөн баш тарткан.

'Ислам Каримовдун дүйнөдөн кайтуусу менен Өзбекстандын Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстанга карата мамилеси, саясаты кескин өзгөрдү. Ал өзгөрүүнүн демилгечиси Өзбекстандын жаңы лидери Шавкат Мирзиёев болду. Ал Ислам Каримовдун чек ара боюнча абсурддук, каршылык жараткан бир жактуу талаптарынан баш тартты.

Ошонун негизинде кыргыз-өзбек мамилесинде да жакшы жагына өзгөрүүлөр башталды. Чек ара сүйлөшүүлөрү жанданды. Жылыштар боло баштады. Мунун өзү кыргыз-өзбек мамилесинде “иттин өлүгү кайда жатканын” далилдеп койду.

2017-жылы Мирзиёев Кыргызстанга келет, Атамбаев Ташкенге барат. Мына ошол сүйлөшүүлөрдүн биринде Мирзиёев “эмне десеңиз баарын аткаралы, Кемпир-Абадды бизге толук өткөрүп бериңиз” дейт.

Атамбаев “Кемпир-Абадды берүү дестабилдүүлүк алып келет, сиз Кыргызстанда дагы тополоң болушун каалабайсыз да, Шавкат Миромонович” деп кырдаалдан чыккан. Бул бере албайбыз дегенди туюндурат. Мирзиёев да бул маселени көтөрбөй калган.

Эми Кемпир-Абадды “беребиз” дегендер чыкты. Парламент комитетинин колун кайрып, элдин пикирин укпай, бир-эки адамдын өкүмзордугу үстөмдүк кылууда", - деп билдирди Акматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости