www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адистер "күчтүү учкучсуз учактарды" чыгаруу программасын ийгиликтүү ишке ашырууда, деп билдирди Иран Ислам Республикасынын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи.
"Бир нече жыл мурун ирандык учкучсуз учактардын сүрөттөрү жарыяланганда бул фотомонтаж деген сөздөр болгон. Эми бул дрондор коркунучтуу деп аталат", - деп Хаменеи пилотсуз учактарды жаратуучулардын ийгилигине оң баа берди.
Белгилей кетсек, буга чейин Хаменеинин аскерий кеңешчиси, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн генерал-майору Яхья Рахим Сафави 22 өлкө жабдыктарды сатып алууга кызыгып жатканын билдирген.
Буга чейин Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Ведант Пател Ирандын Орусияга учкучсуз учактарды жеткирип жатканы тууралуу кабарларга байланыштуу санкцияларды киргизээрин айтып коркуткан. Тактап айтканда, кеп жеткирүүгө катышкандардын бардыгына карата экспорттук көзөмөлдү камтыган чаралар жөнүндө болуп жатат.
Булак: NazarNews.kg