www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик үч ирандык генералга жана ирандык учкучсуз учактарды чыгарган Shahed Aviation Industries компаниясына каршы санкция киргизүү ниетин билдирди. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

Жооптуу кызматтарда иштеген үч жогорку даражалуу генерал Ирандын кийин Орусияга өткөрүлүп берилген учкучсуз учактар ​​программасына түздөн-түз катышканы кабарланууда.

Өз кезегинде Иран Украинадагы согуштук аракеттерге колдонуу үчүн кандайдыр бир курал-жарак экспорттоону бир нече жолу четке каккан. Орусия да Ирандын учкучсуз учактарын сатып алган деген айыптоолорду четке какты.

Бир катар расмий өкүлдөрдүн айтымында, Евробиримдик 21-октябрга чейин санкциялар боюнча макулдашууну пландап жатат. Бирок дипломаттардын бири Евробиримдикке төрагалык кылган Чехия бул чечимди мүмкүн болушунча тезирээк кабыл алууну каалай турганын айтты.

Буга чейин АКШ, Британия жана Франция ирандык учкучсуз учактардын Орусияга берилишине байланыштуу кырдаалды БУУнун Коопсуздук Кеңешинде талкуулоону пландап жатканы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости