www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге эмне үчүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду Бишкек шаарынын ардактуу атуулу наамынан ажырата албастыгын мэрия түшүндүрдү. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында жазды.
Парламентарийдин айтымында, 2022-жылдын 29-сентябрында шаардык кеңеш Бишкек шаарынын ардактуу атуулу наамын алып салууга жол берген токтомдоруна өзгөртүүлөрдү кабыл алган.
«Ошого карабастан, Бишкек шаардык кеңеши мага Эмомали Рахмондон наамды алып салуу механизмдери азырынча иштелип чыга элек деген жооп жөнөттү», - деди ал.
Дастан Бекешев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду Бишкек шаарынын ардактуу атуулу наамынан ажыратуу демилгесин көтөргөн. Ал расмий кат менен борбор калаанын мэрине жана шаардык кеңештин депутаттарына наам ыйгаруу чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган.
Буга чейин социалдык тармактарда Феликс Кулов мэр болуп турганда, 1999-жылы Тажикстандын башчысына өзгөчөлөнгөн төш белги тапшырганы айтылган. Салтанатка мамлекет башчысы Аскар Акаев катышкан.
Булак: NazarNews.kg