www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдоочу орой мамиле жасаса эмне кылуу керек? ИИМдин кеңеши

Жарандар узак жолго чыкканда же бара турган жерине тез арада жетүү максатын көздөп такси кызматын жалдашат. Такси кызматы коомдук унааларга караганда өтө ыңгайлуу.

Бирок, бул учурда дагы кошумча көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Мисалы, айдоочунун оройлугу, чакырган жерине кеч келиши же жөн жерден чыр-чатак чыгарышы. Мындай учурда такси кызматын жалдаган жарандар эмне кылуусу керек? Жарандарга ыңгайсыздык жаратып, орой мамиле кылып, чыр-чатакка барган айдоочуларга кандай аракеттерди көрүү керек?

Интернет айдыңында айдоочулардын мамилесине нааразы болгон жарандар көп болуп жатканына байланыштуу Ички иштер министрлиги бир нече кеңештерди берет.

Алар:

Эгерде сиз жалдаган айдоочу орой мамиле кылып баштаганда, сабырдуулук менен унааны токтотууну талап кылыңыз. Анткени унаасын токтотпой, уруша баштаса кайгылуу окуяларга чейин жетиши мүмкүн. Башында айдоочу менен сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Бирок аны коркутууга аракет кылбаңыз. Бул учурда айдоочу сиздин үстүңүздөн арыз жазып, сиз эч нерсени далилдей албай калышыңыз мүмкүн.

Эгерде сизде айдоочунун орой мамилесине же башка укук бузган аракеттерине карата далилиңиз бар болсо, милицияга дагы кайрылсаңыз болот.

Эгерде айдоочу сизге же жакындарыңызга карата кол көтөрүп же коркутуп жаткан учурда жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнө кайрылып же 102 кызматына кабарласаңыз болот.

ИИМ айдоочуларга кардарларга сылык мамиле кылып, оройлукка жана башка укук бузган аракеттерге жол бербөөнү сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости