www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев менен жумушчу жолугушуусунда Украинага жөнөтүлүп жаткан батыштык курал-жарактардын үлгүлөрү кара базарда пайда болуп жатканын билдирди.

"Курал-жарактардын жана ок-дарылардын дээрлик көзөмөлсүз жүгүртүүсү бар, алардын көбү, биринчи кезекте, батыштыктар, кара базарга чыга баштады", - деди Орусиянын башкы прокурору.

Краснов ошондой эле Москвада "Киев режими Донбасстын тургундарын жок кылуу" фактылары боюнча миңден ашуун кылмыш ишин тергеп жатканын билдирди. Анын айтымында, согушкерлер тарабынан карапайым калкты өлтүрүү жана кыргынга учуратуу фактылары буга чейин аныкталган.

Эске салсак, июль айынын башында Орусиянын коргоо министри армиянын генералы Сергей Шойгу батыш өлкөлөрү Украинадагы жаңжалды узартуу үмүтү менен ири өлчөмдө курал-жарак жеткирүүнү улантып жатканын айтып, буга чейин 28 миң тоннадан ашык аскердик жүк бар экенин белгилеген.

Андан соң Орусиянын аскер департаментинин башчысы “Батыш Украинага жеткирген чет элдик курал-жарактын бир бөлүгү Жакынкы Чыгыш аймагына жайылып, ошондой эле кара базарга түшүп жатканын” белгиледи.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости