www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Новосибирскиде 26-июль күнү кечинде 27 жаштагы тажик жигити сүйлөшкөн кызын өлтүргөн. Маркумдун курбу кыздары анын өлүмүнө кызганыч себеп болгон деп эсептешет.

Маркум кыз 26-июль күнү кечинде көлмөнүн жанында сейилдеп жүргөн. Бирок, саат он бир жарым чамасында мурдагы жигит кызга кеминде 15 жолу бычак сайган.

«Роман анын артынан чуркап келип, бычак менен бир нече ирээт сайган. Алар бир нече ай бою дос болушкан жана ал аны абдан кызганчу", - деди өлтүрүлгөн кыздын досторунун бири.

Ошондой эле, курбу кыздарынын айтымында Роман эртеден кечке кызды ээрчип, ага жылуу сөздөрдү жазып, аны эң сулуу деп атап жүргөн, бирок убакыттын өтүшү менен 27 жаштагы жигити анын тынчын ала баштагандыктан, Аня андан оолактай баштаган. Курбу кыздын айтымында, алардын ортосундагы акыркы жаңжал кыздын башка жигитке жөнөткөн интимдик сүрөттөрүнөн улам болгон.

«Ал жигиттерге интимдик сүрөттөрүн байма-бай жөнөтүп турчу. Бир күн мурун ал башка жигитке сүрөттөрүн жөнөткөн, ал эми Роман муну билип калып, жолугушууну чечкен. Ал буга чейин да Аняга кол көтөрүп жүрчү, жана ал жигитине карата арыз жазууну көздөп жүргөн", - дейт маркумдун курбу кызы.

Жабырлануучунун дагы бир досу МК Новосибирск басылмасына билдиргендей, достору жана тааныштары маркумдун өзүнөн 10 жаш улуу жигит менен болгон мамилеси тууралуу билишкен.

«Бул байланыш тууралуу көптөр билген. Баары ага жигиттин жаш курагы жана менталитети башка экенин түшүндүрүүгө аракет кылышкан, бирок, Аня ал сөздөргө көңүл бурчу эмес", - деди дагы бир досу.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости