www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөөдө.

Документке ылайык, бул долбоордо коомдук коопсуздукту жана айдоочулук тартипти чыңдоо максатында унааларды видеорегистраторлор менен жабдуу сунушталган. Бул видеорегистраторлор укук бузууларды аныктайт, ошондой эле жол кырсыктарын талдоодо талаштуу кырдаалдарда маанилүү курал болуп калат.

Бул норма айдоочулардын жол кыймылына катышуудагы жоопкерчилигин жогорулатып, тартибин жакшыртууга, ошондой эле укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууга, алардын бетин ачууга оң таасирин тийгизет.

Ошол эле учурда бул норманы 2025-жылдын 1-январынан тартып киргизүү сунушталып жатат, бул унаа ээлерине көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин видеорегистраторлор сатып алуу бюджетин пландаштырууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, 2021-жылдан 2022-жылдын 31-августуна чейин Кыргыз Республикасында расмий түрдө 11 722 жол кырсыгы катталып, анда 1 247 адам каза болуп, 18 020 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Ошол эле учурда окуя болгон жерден качып кеткен 1902 айдоочу болгон. Жол кырсыгынан каза болгондордун дээрлик 70%ы эң активдүү эмгекке жарамдуу курактагы (25-40 жаш) адамдар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости