www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулук чек ара көйгөйү, Кемпир-Абад маселеси менен баш оорутуп, талашып-тартышып жатышса, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Айгүл Айдарова “Бетме-бет” гезити үчүн милиция кызматкерлеринен эмнеге 700 сомдон чогултасыңар?” деп чыкты.

Башка күйүп аткан көйгөйлөрдү оозанбай, акылынын жеткенин карачы? Бул ИИМдин гезити болгондон кийин ар бир кызматкер жазылып, бир жыл бою маалымат алып, кесиптештеринин жетишкен ийгиликтерин, эрдиктерин окушуп, жалпы эле системанын өнүгүшү менен таанышып турушат да. Эч кандай тескери кесепети жок.

Мисалга алсак, өнүккөн өлкөлөрдө мамлекет ириде гезиттердин чыгышына кам көрөт, каржылык колдоо кылып турат. Бул өзүнчө маданият, маалымат алуунун эстетикалык баалуулугу. Ошол эле АКШ, Батыш-Чыгыш мамлекеттерин карагыла, негизги саясатты гезиттер жүргүзүп келишет...

Эми бул жагынан айта берсек сөз арбын, тилекке каршы, үндүкчө отуруп алып, сотка чукуу менен алектенген бир сабатсыз кайдан түшүнмөк эле? Райондук деңгээлдеги артта калган тергөөчүнүн дараметинен Айгүл Айдарова көтөрүлө албаса, ага ким күнөөлүү? Өзү гана уят болуп жатат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости