www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Алар :
- Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
- Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымы;
- Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
- Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымы Чоң-Ашуу ашуусу;
- Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдары.
Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алуу, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
"Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз "112" кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg