www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кыргызстандык жарандар кол салып, карактап кеткенине даттанган кыргыз жараны кайрылган.

Арыз ээси түнкү саат 01:30да үч белгисиз адам үйүнө кирип, бычак менен коркутуп, тоноп кетишкенин билдирген. Маалыматка ылайык, алар акча, кымбат баалуу телефондорун жана зер буюмдарын алып кетишкен.

Жабырлануучулар Кыргызстандын жарандары.

Чогулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси ("Каракчылык") менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы каракчылыкка шектүү катары үч жаран кармалган. Кармалгандардын баары Кыргызстандын жарандары. Алар, Баткен облусунун 2003-жылы туулган тургуну Р. Р., Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1996-жылы туулган тургуну К. Н., Ош облусунун Кара-Суу районунун 1996-жылы туулган тургуну Ж. Б.. Үчөө тең Орусияга иштегени келген.

Учурда алардын мурда жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бардыгы текшерилип жатат.

10-февралга карата берилген расмий маалыматта ушу тапта 408 448 кыргызстандык Орусияда миграцияда жүрөт.

Бейрасмий маалыматтарда бүгүнкү күндө деле Орусияда Кыргызстандын 1 млн чамалуу жараны жашап, иштеп жүрүшкөнү айтылып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости