www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) өлкөнүн аймактарындагы жарандардын турак жайга жетүүсүн жеңилдетүү максатында жаңы жеңилдетилген ипотекалык механизмди ишке киргизди.
Маалыматка ылайык, жаңы шарттар Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары өлкөнүн бардык аймактарында турак жай сатып алууну каалаган жарандар үчүн каралган.
Жаңы механизмдин негизинде батирдин баасынын алгачкы 30 пайызы төлөнөт.
Калган 20 пайызын турак жай пайдаланууга берилгенге чейин каалаган убакта жана өзүнө ыңгайлуу өлчөмдө төлөп бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Бул этапта милдеттүү төлөм графиги каралган эмес.
Ал эми батир пайдаланууга берилгенден кийин калган 50 пайызы 15 жылга чейин жылдык 8 пайыздык үстөк менен белгиленген график боюнча төлөнөт.
МИК жарандарга жаңы ипотекалык механизм боюнча кеңири маалыматты мекеменин расмий сайтынан же аймактык өкүлчүлүктөрүнөн алууга болорун маалымдады.