www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тартып арыздарды кабыл алуу башталган «Бала ырысы» жаңы ай сайын берилүүчү жөлөкпулун дайындоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү даярдады.

Жөлөк пулдун шарттары жана өлчөмү:

3 жашка чейинки ар бир балага ай сайын 1 200 сомдон төлөнөт (айрым аймактарда райондук коэффициенттер кошулат).

Кыргызстандын жарандары жана кайрылман макамы бар, 3 жашка чейинки баласы менен чогуу жашаган ата-энелер (асырап алуучулар, камкорчулар). Нике күбөлүгү талап кылынбайт, андыктан жалгыз бой же ажырашкан ата-энелер да ала алышат.

жөлөк пул үй-бүлөнүн материалдык абалына жана «Социалдык контракт» программасына катышканына карабастан берилет.

Эгерде атасы же энеси чет өлкөдө миграцияда жүрүп, бирок бала Кыргызстандын аймагында жашаса жөлөк пул төлөнөт. Ал эми бала дагы, ата-энеси дагы өлкө сыртында туруктуу жашаса, төлөм берилбейт.

Арызды кантип берүү керек?

Арыздарды «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн же министрликтин аймактык башкармалыктарына барып берүүгө болот. Документтер толук болсо, жөлөкпул кайрылган күнү эле автоматтык түрдө дайындалат.

Төлөмдөр азырынча мамлекеттик «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» аркылуу жүргүзүлөт, кийинчерээк дагы 13 коммерциялык банк кошулат.

Последние новости