www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) Албаниянын Тирана шаарында өткөн рейтингдик турнирдин жыйынтыгын чыгарды.
76 кг салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы алтын медаль жеңип, кыз-келиндер арасында февраль айынын мыкты балбаны деп табылды.
Кыргызстандык спортчу Казакстан, Болгария жана Түркиянын өкүлдөрүн мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыккан. Чечүүчү кармашта ал дүйнө чемпиону, эквадорлук Генесис Реаско Валдезди 5:4 эсебинде утуп, реванш алды.
Эске салсак, былтыр дүйнө чемпионатынын финалында Медет кызы Валдезге утулуп калган болчу.