www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Жакынкы Чыгыштагы операцияларын жетектеген Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 28-февралда башталган АКШ–Израил операциясынын жүрүшүндө Оман булуңунда Иранга таандык 11 аскер кемеси жок кылынганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, “эки күн мурда бул аймакта Ирандын 11 кемеси бар болсо, азыр бирөө да калган жок”. Билдирүүдө Тегеран режими көп жылдар бою Оман булуңундагы эл аралык кемелерге кол салып келгендиги айтылып, “бул мезгил аяктады” деп белгиленген. Ошондой эле ирандык кемелердин бирине сокку урулган учур тартылган видео жарыяланган.

Буга чейин АКШ тарап Ирандын “америкалык кеме жок кылынды” деген маалыматын четке каккан. 

АКШ президенти Дональд Трамп ирандык он чакты кеме “деңиздин түбүндө жатканын” билдирип, операция уланарын айткан. Вашингтон бул аракеттер Ирандын ракета мүмкүнчүлүктөрүн алсыратуу жана өзөктүк программасын үзгүлтүккө учуратуу максатын көздөй турганын белгиледи.

Иран бийлиги аскер-деңиз күчтөрүнө келтирилген зыян боюнча расмий маалымат бере элек.

Последние новости