www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айпери Медет кызы финалга чыга алган жок

Айпери Медет кызы Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында финалга чыга алган жок.

Ал эркин күрөш боюнча мелдешке 76 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдан баштаган.

Алгачкы беттеште кыргызстандык кыз Кытайдын өкүлүн, ал эми чейрек финалда Индиянын спортчусун жеңген.

Жарым финалдык беттеште Медет кызы америкалык Кеннеди Блэйдс менен беттешип, ага 6:8 эсебинде жеңилип калды.

11-августта кыргызстандык спортчу коло медаль үчүн мелдешке чыгат.

Последние новости