www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Францияга болгон иш сапарынын алкагында эл аралык кызматташтык боюнча министрдин орун басары Сен-Дени мырза менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Анда эл аралык саламаттыкты сактоо эрежелерин ишке ашыруу, ден соолуктун коопсуздугун жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыздоо, иммунизациялоо программалары жана медициналык реабилитация, эне жана баланын ден соолугун сактоо, саламаттыкты сактоо тармагындагы инновациялар, анын ичинде санариптештирүү, ошондой эле инвестициялык долбоорлор боюнча маалымат алмашуу маселелерине басым жасалды.

Министр Бейшеналиев кызматташуунун талкууланган багыттары эки өлкө үчүн актуалдуу жана пайдалуу болот деген ишенимин билдирди. Ал ошондой эле француз тарапка Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына кызыгуусу жана Францияда Hopi Medical компаниясы тарабынан иштелип чыккан жана өндүрүлгөн телемедициналык консультациялар үчүн чемоданды белекке берүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. Бул чемодан Ысык-Көл облусунда ишке ашыруу пландалып жаткан пилоттук долбоордун алкагында колдонулат. «Биз француз тараптан медициналык жардамга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана жаңы технологияларды киргизүү боюнча саясатыбызда ушундай практикалык колдоо көрүүгө абдан кубанычтабыз», — деп белгиледи Бейшеналиев.

Өз кезегинде француз тарап министрдин талкууланган кызматташуу маселелери боюнча сунуштарын колдоп, ошондой эле эки өлкөнүн адистеринин ортосунда өз ара тажрыйба алмашууга даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар пландалган жаңы долбоордун алкагында эки тараптуу кызматташууну мындан ары да кеңейтүүнү макулдашышты.

 

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости