www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта жаңы бокс ордосу ачылды

Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарында жаңы бокс ордосу ачылды.

Спорт жайынын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы, Кыргызстандын бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев катышты.

Спорт ордосунун ордунда буга чейин эски спорт залы болуп, жергиликтүү балдар машыгып келишкен. Анда спортчулар үчүн керектүү шарттар жок болчу. Ал эми имарат 2005-жылдары ашар жолу менен курулуп, талаптарга жооп берген эмес, ошол эле маалда эскилиги да жеткен.

Машыктыруучу Бакытбек Рыскулов жергиликтүүлөрдүн атынан Камчыбек Ташиевге кайрылып, балдар үчүн бокс ордосун жаңылап куруп берүүсүн суранган.

Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн каржылык колдоосунун негизинде заманбап жаңы бокс ордосу бир айдын ичинде курулуп, бүткөрүлгөн.

Анда боксчулар жана башка спортчулар үчүн машыгуу каражаттары толугу менен камсыздалып, ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Бокс ордосу учурда 200гө жакын спортчуну кабыл алууга даяр.

Ачылыш аземинде Камчыбек Ташиев бокс ордосунан бүгүнкү күндө Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө таанытып, Олимпиада оюндарынын финалына чыккан Мунарбек Сейитбек уулундай боксчулар көп чыгат деген ишенимин билдирди.

«Бул ордо жаштарыбыздын, келечек муундун сүйүктүү спорт ордосу болуп калышына тилектешмин», — деди ал.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости