www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун камактагы мөөнөтү 20-ноябрга чейин узартылды. Алардын камакта отурганына андан бери дээрлик бир жылга жакындап калды. УКМК алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдаланууга байланыштуу мыйзамсыз иштерге тиешеси бар экенин билдирген. 

Мына ушул Салык кызматындагы коррупциялык схемага байланыштуу Министрлер Кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров иштен кеткен эле. Өкүнүчтүүсү “айран ичкен кутулат, аяк жалаган тутулат” болуп жатканы сокурга дагы көрүнүп турат. Себеби бүгүнкү күнгө чейин эмнеге Акылбек Жапаров “суудан кургак чыгып кетти” деген суроо ачык бойдон турат. Эл деген тараза. Баарын байкап, таразалап, баш чайкашууда. 

Чынын айтыш керек, бул коррупциялык схема эки эле киши тарабынан ишке ашырылбаса керек. Эгер чын эле масштабдуу коррупциялык схема болсо, анда аны ишке ашырууга саясий салмактуу, чечим кабыл ала турган деңгээлдеги жетекчилердин катышы болбой койгон эмес. Логикалык суроо жаралат, эмне үчүн ошол жетекчилердин бири болгон Акылбек Жапаров “кол тийгис” бойдон калып жатат? Укуктук баа берилбей жатканын кандай түшүнсөк болот? Калыстык болсо, Жапаров жок эле дегенде, саясий жана моралдык жоопкерчиликти мойнуна алып, коом алдында жооп берүүгө милдеттүү.

Ырасында, качан бизде мыйзам алдында жооп берүү маданияты калыптанат? Мамлекеттик башкарууда калыстык жоголгондо, коомдо ыза, нааразычылык жана ишеним кризиси күчөйт. Азыр биз дал ошондой кырдаалда турабыз. Коомго адилеттикти далилдөө деген күнөөнү төмөн жактагы кызматкерлерге түртө салуу эмес. Тескерисинче, калыс иликтөө жүргүзүлүп, ким күнөөлүү болсо даражасына, кызматтык макамына карабай жоопко тартылышы керек. Болбосо, “коррупция менен күрөш” деген ураан саясий спектаклдин бир бөлүгүнө айланып калат.

Ток этерин айтсак, убакыт өтүп жатат. Жоопкерчиликти талап кылган коомчулуктун суроосу жоопсуз калбаш керек. Акылбек Жапаров чын эле эч нерседен кабарсыз беле?

Последние новости