www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Poddubny Wrestling League-5 мелдешине катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка караганда, Тыныбекова Россиянын атынан чыгып жаткан Алина Касабиева менен күч сынашат. Белгилүү болгондой, аталган эки спортчу жакында эле Будапештте өткөн эл аралык рейтингдик мелдеште күрөшүп, Айсулуу Тыныбекова атаандашын жеңип алган. Ошондой эле, Тыныбекова рейтингдик мелдештин жеңүүчүсү болгон.

Мелдеш Россиянын Владикавказ шаарында өтөт. Эки спортчунун беттеши 29-июлда болот.

Эскерте кетсек, Poddubny Wrestling League мелдеши 2022-жылы түзүлгөн. Буга чейин аталган мелдеш 4 ирет, анын экөө Бишкек жана Алматыда өткөн. Бул мелдешке кыргызстандык спортчулардан Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Үзүр Жусупбеков катышкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости