www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбан Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча рейтингдик турнирдин финалына чыкты.

Алгач кыргызстандык спортчу кыз 62 килограмм салмак категориясы боюнча кармашып жаткан Луиза Хель Герд Неймехти (2:0), андан соң венгриялык Ясмин Солеманды (10:0) жеңип алды.

Чейрек финалда Тыныбекова россиялык Алина Хасабиеваны 6:1 менен утту. Ал эми жарым финалда бразилиялык Лаис Нуньести 5:2 эсеби менен жеңди.

Белгилей кетсек, финалда балбан кыз болгариялык Биляна Дудова менен кез келет.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости