www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек миграциясын ЕЭКте ким жетектейт? Өзүбүздүн эле Руслан Казакбаевдин бир тууган келини Алтынай Өмүрбекова. Ал учурунда өкмөттүн вице-премьерине чейин кайкалап жеткен, депутат да болгон, эптеп Өмүрбек Бабанов ушундай эркелетти. Кайынагасынын досуна таянып Алтынай Өмүрбекова да көптү. Учурда мигранттар үч айда бир жолу иштеген жерине мединицалык справка тапшырат. Бул Алтынай Өмүрбекова сыяктуу  бюрократиялык система мигранттар иштебей эле справкага кезек күтүп калышты. Жок дегенде медициналык справканы 1-2 жылда бир жолу тапшырса деле жетмек. Алтынай Өмүрбекованын мурдун балта да кескен жок.Эки, үч айдан бери мигранттардын кыйналып атышканынын бийлик өкүлдөрүнүн баары көрүп турду. Ал эмес миграциялык мыйзамдардан улам кыргызстандыктар Ульяновскиде өлүмгө кетишти. Бир дагы жолу Алтынай айымдын мигранттар боюнча сунуш айтканын көргөн жокбуз. Мигранттар боюнча кабминден бир токтом чыгарта алган жок. Орус бийлиги менен көпүрө түзө дагы албаганын көрдүк. Эми токтоосуз ордунан кетиши керек.

Орусияда чет элдик жарандардын жүрүү мыйзамдуулугуна жана алардын миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактоосуна көзөмөл күчөтүлдү. Дипломатиялык өкүлчүлүк кыргызстандыктарды Орусиянын мыйзамдарын так сактоону жана жасалган кылмыштар үчүн жазанын сөзсүз болушун эстен чыгарбоосун өтүнөт. Элчилик мекендештерди расмий документтерди (паспорт, айдоочулук күбөлүк) жана Орусияда жүрүүгө башка уруксаттарды, анын ичинде “каттоо” деп аталган тариздөөдө ортомчулардын кызматынан пайдаланбоого чакырат.

Ошондой эле Орусиянын аймагына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде иш жүзүндө жашаган жери боюнча миграциялык каттоого туруу зарыл. 2021-жылдын 29-декабрынан кийин Орусияга иштөө максатында келгендер кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде милдеттүү мамлекеттик манжа изин каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Орусия Федерациясынын Эмгек кодексине ылайык, иштөө үчүн иш берүүчү менен келишим түзүү зарыл. Өзүңүз менен кошо өзүңүздү тастыктаган документтерди, Кыргызстандын жаранынын паспорту жана Орусия Федерациясында жүрүү укугун тастыктоочу документтерди: миграциялык карта, OMS/VHI полисин алып жүрүңүз деп эскертет дипломатиялык өкүлчүлүк. Тез арада юридикалык жана консулдук жардам талап кылынган учурларда күнү-түнү иштеген ишеним телефонуна +79251155047 кайрылса болот.

Министрдин барын таластыктардан топтоп алган Бабанов өзүнүн «привелегиясынан» айрыла баштады. Ошондуктан, көрмөксөн оюнду жасап, билмексен болуп жаткан Бабанов «тириле» баштады. Жаңы оюндун сценарийи боюнча бабановдук режимди жактагандар туула баштады. Муну буга чейин Садыр Жапаровдун Тышкы иштер министри ролун аткарып, Түркиядагы элчиликке келген Руслан Казакбаев куп аткарат. Бабанов запкы жеп жүрүп, кыймылдай турган болду. Түндүктүн элин Түштүккө, Түштүктүн карапайым элин Түндүккө каршы тукуруу. Бул үчүн ченебеген каражат керек. Албетте, каражаттардын төбөлү Бабанов болгону менен бул жерди эки жактын элитасын биримдикте кармоо максатында Руслан Казакбаевдин барааны калдайып турат.

 Үгүт иштери негизинен 2020-жылдан кийинки кетирилген кемчиликтерди чукуп, Атамбаевдин заманында жыргал заман болчу деген эйфорияны, ошол Атамбаевдин убагында акчага туйтунушкандарды «майкөл, сүткөлдө» жашоочубуз деп маалымат аркылуу таратуу. Өтүп бараткан жыл өтө оор жылдардан болду. Кымбатчылык кескин өстү. Ошол оор жылды да Жээнбековго окшоп жөн эле кете бербей, улам бир жерден өрткө «ширеңке» чагып жаткан Бабановдун айлана-тегереги уюштуруп, шыкак болду. Алардын колунан келсе римдиктерче: «Бөлүп жарып, башкар»- деп, бир аймакты бөлүп жаргандан кайра тартмак эмес. «Оюндан от чыгып» кетип жүрбөсүн Бабановчулар канчага чейин калжалаңдайт.

2021-жылы ноябрда  парламенттик шайлоодо Бабанов акча каражатын аяган жок. Бирок анын акча каражаты текке кетти. Себеби, парламентке өткөн партиялардын лидерлери Бабановду кайта алып келип алдына титирегиси келишкен жок. «Поезд ушёл!» Бир гана парламентке өтпөй калган «Ата-Мекен» партиясынын лидери Текебаевдин поюзу артты көздөй жүрүп бараткан. Аны Германияга элчи кылышып, поюзду оң жолго салышты.

Бабанов менен альянска Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиев өңдүү бийликке таарынычы барлар, анын  айланасына чогула турган болгон. Бул элди ала турган амал сыяктуу. Эртең эле кыргыздын дагы бир топ кеңкелестери Бабановду туу тута баштайт.

Бакиев, Атамбаевдин убагында Бабанов болуп биринчи вице-премьер, өкмөт башчы болуп иштеген, «битин сыгып канын жалаган», кыргыздардын эсебинен байлыгын миллиардка жүгүртүп бараткан Хан. Ханбы, хандроспу же хан доспу башкы демөөрчүсү болсо, ал эми бул оюндун башкы фигурасы болуп өзү Бабанов турса, «кол куурчактар»  Руслан Казакбаевдер Жапаровдун алдына жатып алып тымызын иштерди жүргүзүп жатса...

Угушубузча, Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиевдер бул жакка кошула элек жатып, куйругун кайрадан кыпчый турган болуптур.

 Аликбек Жекшенкулов, Кубат Байболов сыяктуу Максим Бакиевдин бийлигинен запкы жегендер Мадумаров менен кызматтташуудан баш тартышып жаткан имиш. Бабанов чындап бийликтьи ыркырата качырып келе турган болсо Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиевдерге боору оорубайт, аларга боорго тебет болуш керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

 

 

Последние новости