www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Жусупбек Коргонбай уулу жубайы ооруп жатканына байланыштуу ага дуба кылып коюуну өтүнгөн. Ал социалдык тармактагы баракчасына жубайы жазган кат менен бөлүштү.
"Достор, мен эс алып каникулда жүрсөм, келинчегим ооруп калыптыр. Балдарымдын энеси, ыраматылык атамдын жакшы көргөн келини, Кудай шыпаа берип, жакшы болуп кет. Алтыным, так эткендин баарына көңүл бурба. Жакшы болуп кетесиң, мен ишенем. Мага эртең менен ооруканадан кат жазып, жиберип коюптур.
"Жусуп, азыр дарыгер келсе, алып кирип кетет. Баары жакшы болот деп ойлойм. Эми баары Кудайдын буйругу менен. Бирок бир нерсе болуп кетсе сураныч, балдарымды жакшы кара, кызым өзү чоң болгону менен көңүлү назик, көп урушпа. Эки кичине козумдун көзүн жалдыратпа. Ишенген тоом сенсиң, бар тапкан балдарымды кор кылдырбасаң болду.
Каякка шашасың? Мендей кишиден оңой кутулбайсың деген киши жок. Дуба кылып коюңуздар", - деп айтылат депутаттын билдирүүсүндө.
Булак: NazarNews.kg