www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча рейтингдик турнирде балбан Айсулуу Тыныбекова алтын утту.

Аталган турнирге 62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова финалда болгариялык балбан Биляна Дудова менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө кыргыз балбаны атаандашын 2:1 эсебинде утуп алды.

Белгилей кетсек, муну менен Айсулуу Тыныбекова 4-рейтингдик турнирде алтын байгу утту. Бул Кыргыз курамасынын аталган рейтингдик турнирдеги алгачкы алтын медалы.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости