www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элин бийлеп турган Үчүке бий Олжотойду Коконго элчиликке жиберет. Аны менен кошо тестиер бала Түлкүнүн Тынайы да ээрчип алат. Кокон Бухара эмирдигинен бөлүнүп, өз алдынча бийлик жүргүзүп жаткан учур болсо керек, Кокон бийлиги аркалык кыргыздарды сыйлоо үчүн элчиге келгендерди таманына төбөсүнө чейин кийинтет. Элчи башчысы Олжотай бийдин бутуна чак бут кийим таппай, атайын чарыктан тиктирип берген имиш. Кокондон чыкканда эле жаш Тынай «буту чоң, чоң чарык» - дей баштайт, тыйганына карабай, ошондон Олжотой бийдин тукуму «чоң чарык» аталып калган.Тынайдын атасы Түлкү Үчүке менен Жаңыл мырзаны алганы барып, экөө жаанын огуна кабылган. Түлкү күчтүү эле баатыр болгон, ал күйөөлөп барып, баатырдык сынынан жазбай элге жагат, Жаңыл мырзага жагат, бирок анын ити шимшилеп келгенде “Канчыктын канчыгы келген тура” –деп койот. Муну уккан Жаңыл мырза Түлкүнү Үчүкеге кошуп жаа менен тартып салат. Түлкүнүн Дарканынан Тынай, Сарсейиттин байбичеси Тынайдын таластык энесин кетирет, ошондо кетип баратып, бетинен бир өөп алайын деп: “Үчүкенин үч баласы күн көрсөтпөйт го” – деген ал эмчектеги сүтүн бешикке саап ыйлап кеткен экен. Сарсейиттин байбичеси кетирип жибергенде, аны Саруу алган, ошону кийин Шабданга Солтобай ырчы айтып жатпайбы:

 Акыңды алгын жөө тынай,

Айдап койгон таруудан.

Энчиңди алгын, жөө тынай,

Энеңди алгын саруудан.-деп.

Олжотойдон Тайлак, Берик жана башкалар. Эсенгул Эсенгул болуп турганда чоңчарыктардын бир даары Балык манасчынын бабалары Эсенгул менен журт талаша кетип, Эсенгул баатыр чоңчарыктын бир ыптасын Кетмен-Төбөгө көчүрүп жиберет. Балыкооз атка конгон Бекмураттын чоң атасы Курманбек да наристе кезинен Кетмен-Төбөдө чоңойот. Балык Таласка, андан Чүйгө келип, Байтик менен Боз-Бөлтөктүн айланасын жердеп калат. Анын уулу Найманбай абдан чоң ырчы болгон. Биз азыр илгери Ниязбек хан, кийин Балык жайлаган жерге келдик. Атам сураштыр деп калчу, бул жерде Балык, Найманбайдын тукумдары бар деп. Мени деле сарбагышчыл деп коюшат. Сураштырсак  туугандар бар экен, Байтик, Бишкекте да Балык, Найманбайдын тукумдары чоңчарыктар жашашат. Дагы бир уламыш боюнча улак табылбай издеп жүрүшсө Олжотойдун чокоюнда жатып алыптыр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

Последние новости