www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунун прокуратурасы Айтматов районундагы Айтбаев атындагы орто мектептин курулушунда аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери иш жүзүндө аткарылбаган курулуш иштерин мыйзамсыз кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкени аныкталган.
Натыйжада подряддык уюмга мамлекеттик бюджеттен негизсиз түрдө 4 миллион 200 миң сом которулуп берилген.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 346-беренеси («Кызматтык жасалмачылык») боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда иштин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.