www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында залкар жазуучу, гуманист, философ, дипломат жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин алгачкы жыйыны өттү.
Жыйында улуу жазуучунун 100 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүү, иш-чаралардын мазмунун өркүндөтүү жана анын эл аралык маанисин арттыруу маселелери талкууланды.
Адылбек Касымалиев Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракеси Кыргызстандын гана эмес, дүйнөлүк маданий коомчулук үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи.
Ал мааракени уюштурууга жооптуу министрликтерге, мамлекеттик органдарга, облустардагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бекитилген иш-чаралар планындагы тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну тапшырды.
Белгиленгендей, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы — улуу жазуучунун чыгармачылыгы аркылуу кыргыз элинин маданиятын, тилин жана руханий мурасын дүйнөгө таанытууга багытталган маанилүү иш-чара болот.
Жыйындын соңунда бардык даярдык иштери системалуу, ыкчам жана координацияланган негизде жүргүзүлүшү керектиги белгиленди.