www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо мамлекеттик агенттиги Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жарыялаган тизмеде ондогон адамдардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткенине байланыштуу териштирүү баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" агенттиктин директорунун орун басары Кылымбек Мадалбеков билдирди.

"Азыркы учурда биз бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелерге кайрылуу жолдодук. Биз текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Анын жыйынтыгы менен укуктук баа берилет", – деди ал.

Эскерте кетсек, Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 20-июлда Фейсбукта пост жазып, Кыргызстандын маалымат айдыңында чет элдиктер жөнүндө терс маалыматтарды саясатчылардын тарапташтары өздөрүнүн аккаунттары жана фейк аккаунттар аркылуу таратып жатканын билдирген.

Орунбеков аталган саясатчыларга жакын делген жана өкмөттүк эмес уюмдарга тиешеси бар делген адамдардын аты-жөнү, сүрөттөрү, туулган күнү жөнүндө маалымат кошулган тизмени да жарыялаган. 

Последние новости