www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айыл чарба азыктарынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана базар бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынган.
Алты айлык мөөнөткө экспортко убактылуу тыюу салынган азык-түлүктөр (буга реэкспорт, транзиттик, ошондой эле министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардам кошулбайт):
ЕАЭБ аймагынан тыш буудай жана меслин, буудай уну, өсүмдүк майы, күнкарама уруктары, кумшекер, тооктун жумурткасы, инкубациялоо үчүн жумурткалар;
Ошондой эле, Кыргызстандын аймагынан тышкары бодо малдын эти (жаңы же муздатылган, тоңдурулган), тоют (чөп, саман, аралаш тоют, кебек жана дан тоюту), арпа, сулуну экспорттоого тыюу салынды.
Булак: NazarNews.kg