www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
LG Electronics компаниясы Орусиядагы соодасын токтотот. Бул маалымат компаниянын сайтына бүгүн, 19-мартта жарыяланды.
Турмуш-тиричилик техникаларын өндүргөн кореялык компания Украинадагы согуштан жабыркагандарга гуманитардык жардам берүүнү колдой турганын маалымдады.
"LG Electronics Орусиядагы соодасын токтотуп, жагдайга кылдат көз салып турат. Биз бардык адамдын ден соолугуна жана коопсуздугуна тынчсызданабыз. Андыктан LG гуманитардык жардам көрсөтүү аракеттерин колдоону уланта берет", — деп айтылат маалыматта.
Орусия агрессиясын баштагандан бери 400дөн ашуун чет өлкөлүк ишканалар Орусиядагы ишин чектеп же толук токтотту. Алардын арасында өнөр жай товарларын сатуучу OBI, косметика жана парфюм даярдоочу Estee Lauder Companies, белгилүү McDonald's, Starbucks, Coca-Cola, Zara, Pull&Bear, Massimo Dutti, Bershka, Marks & Spencer, Mango, H&M жана башкалар бар.
Булак: NazarNews.kg