www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө айыл чарба дарыканасынын мурдагы кызматкери сейфтен ири суммадагы акча уурдап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, милицияга айыл чарба дарыканасынын кеңсесиндеги сейфтен 260 миң сом уурдалганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Факты ЭПКга катталган. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышкерлер короого кошуна үйдүн чатыры аркылуу кирип, кире бериштин эшигин сындырып, имараттын ичине киришкенин аныкташкан. Алар коопсуздук камераларын өчүрүп, сейфти ачып, акчаны алып качып кетишкен.

Шектүү катары аталган ишкананын мурдагы кызматкери 37 жаштагы Б.А. Ал “Ак жол” чек арасынан кармалган.

"Бул уурулук фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы окуянын чоо-жайын тактоо иштерин улантууда. Шаардык соттун чечими менен тергөө учурунда шектүүгө карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости