www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Кыргызстан сыяктуу СССРдин бир республикасы болуп келген. Талгарбеков айыл чарбасына реформа жасаган соң Назарбаев да биздин жолду тутуп, бирок өз эрежесин киргизген. Ошондуктан ал жерде чарбалар таратылган соң сөз жок жерди бөлүштүрүүгө райондук, облустук жетекчилердин уруксаты керек болгон. Эгер бизде райком, обкомдор кийлигишсе реформа аксап көпчүлүк жерди алардын жакындары ээлеп калмак. Бизде ар бир элеттик адам өз жер үлүшүн жана башка айыл чарба жабдыктарын район, облус жетекчилери жок эле өздөрү бөлүп алышкан.

Эмнегедир түшүнүксүз  болуп калды. Токаев экс-президент Назарбаевди кысымга алып келатканы менен Назарбаев 12 –июнь Орусиянын күнүндө өз алдынча Москвага барып Путин менен жолугушуп келди.  Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин «Вконтакте» социалдык тармагындагы баракчасында Казакстан тууралуу маалымат жазды. Билдирүүдө Казакстан Орусия империясынын аркасы менен пайда болгону айтылат. «Казакстан — жасалма мамлекет, орустардын мурдагы жери, мисалы, Гурьев, Семипалатинск шаарлары. Жада калса Алматы калаасы 1924-жылга чейин Верный деп аталып келген. 21-кылымда Казакстандын бийлиги республиканын ичинде ар кайсы улуттагы адамдарды бири-бири менен аралаштырып баштады, муну орустарды жок кылып жатат деп атасак болот. Биз буга көз жумуп тура албайбыз. Ал жакка орустар бармайынча, тартип болбойт», - деп айтылат билдирүүдө.

Жөндөн-жөн туруп эле орустар казактарга эмнеге тийишип жатышат. Токаев Казакстандын президенти азырынча орустарды эле колдоп жатат го. Жакында ал айыл чарбасындагы реформаларды карап чыгуу боюнча көрсөтмө берди. Ар бир чарбада район. Облустун жетекчилеринин жакындары миңдеген гектар жерди ээлеп алышкан. Казакстандын аймагы чоң ошондуктан биз сыяктуу соткалап алышпай миңдеген гектар жер алышкан. Назарбаевди убагында президент болуп турган Атамбаев да кодулаган. Атамбаев ТЭЦти ашагандан башка көзгө көрүнөрлүк иш деле жасаган эмес. Айыл чарбасы даяр реформа менен өз жанын өзү багып кеткен. Учурда камалып жаткан Атамбаевди «Тез жардам» алып кетти дешет.

Ал эми андан мурун Михаил Горбачевдун кайра куруу саясатынан улам эч ким солкулдата албаган СССР он беш мамлекетке бөлүнүп кеткен. Чындыкты айтыш керек союз убагында айыл чарбасы дотацияда туруп, анын үстүнө Алыкул айткан «Орусия  энебиз» дегендей алар арзан бензин, техника жана башка айыл чарба шаймандары менен өтө арзан баада жабдыгандыктан колхоз-совхоздор «Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип» калышкан. Башкасын койолу бензин менен кийимин жууп, ай талаага төгүп калышкан. 1985-жылы мартта Генералдык катчы Устинов жарык дүйнө менен кош айтышат. Анын ордуна Сталиндин кол алдында иштеп, Хрущевдун убагында 1957-жылы тышкы иштер министри болуп отуз жылдан ашуун иштеген Андрей Громыконун кол баласы Михаил Горбачев келет. АКШнын айтканын тоту куштай кайталаган Горбачев СССРди түп - тамырынан талкалап, инфляция 1000 эсе көтөрүлүп, дүкөндөрдүн текчелеринде эч нерсе жок, эл бийликке жалдырап сельсоветтен карточка алып, оокат кылып калганын ким танат. Ошого карабай Горбачев 1989-жылы спикер болсо, 1990-жылы талапкер Ельцинди талкалап, СССРге президент болот. Ал эми өлкө талкаланып бүтүп калат. Ушуну эске алып Горбачевду жоготуш үчүн ГКЧП түзүлүп, бирок бийликти алууга духу жетпей калат. СССРдеги көпчүлүк республикалар Москваны караганы менен эгемендүүлүк жарыя кылышат. 1991-жылдын 6-сентябрында Горбачев Литва, Латвия, Эстониянын СССРден бөлүнүп кетишин тааныйт. 1991-жылдын 8-сентябрында РСФСРдин президенти Ельцин, Украинаны президенти Кравчук жана Белорус спикери Шушкевич Беловеж токойунда СССРди таратуу боюнча келишимге кол коюшат. Ошол күнү РСФСРдин вице-президенти Александр Руцкой Горбачев менен жолугуп СССРди таратам дегендерди камоону сунуш кылат. Горбачев биз жакында Ново-Огаревада президенттер жолугуп, СССРди сактап калабыз деп макул болбой койот. 18-декабрда Литва, Латвия, Эстония жана кол коюудан баш тарткан Грузиядан тышкары КМШ түзүлөт. Бирок, 25 –декабрда СССРдин күнү бүтүп Горбачев ядролук куралдарды башкарууну Ельцинге өткөзүп берет.

(уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости